Надира Нарматова 8-мартта акцияга чыккандардын иш-аракетине укуктук баа берилишин сунуштады

Депутат Надира Нарматова 8-мартта Бишкекте жөө жүрүшкө чыккандардын пикирин бүткүл элдин пикири катары эсептебеш керек экендигин, Министрлер кабинети, укук коргоо органдары тарабынан алардын иш-аракетине укуктук баа берилиши керектигин бүгүн, 9-мартта, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.  

— Кечээ, 8-мартта, адаттагыдай эле бейөкмөт уюмдар уюштурган акция өттү. Биздин мамлекеттин элинин үнүн бейөкмөт уюмдар уюштурган акция менен баалаганга болбойт. Бүгүнкү күндө Россияда, түркүн шаарларда жүргөн мигранттар телефон чалып жатышат. Биздин стратегиялык өнөктөшүбүз — Россия, Украина мамлекеттери жөнүндө да, биз калыс эле туруп жаткандан кийин биздин мигранттардын жүрүш-туруш, жашоосуна тоскоолдук кылбаса. Ошондуктан бейөкмөт уюмдардын жасаган аракеттери укук коргоо органдары тарабынан иретке, тартипке келтирилбесе болбойт. Аларды Кыргыз мамлекетинин элинин пикири  деп эсептелбеш керек. Бул өтө опурталдуу көрүнүштү пайда кылып жатат. Ушул маселеге баа берилиши керек, коомдо өтө терс көрүнүштү жаратуучу окуя болууда, — деди депутат Надира Нарматова.

Бишкекте 8-март аялдардын эл аралык тилектештик күнүнө карата тынч жөө жүрүш өттү. Алгач катышуучулар Кыргызстандын аялдары Украинадагы согушка каршы экенин билдирүү үчүн плакаттарды, ошондой эле аялдарды теңдүүлүккө үндөгөн лозунгдар менен турушкан.  Эскертүүлөрдүн кийин катышуучулар желектерди жана “Согушка жол жок!” деген плакаттарды колдонушкан жок. 

Сүрөттө: Надира Нарматова. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты