Бишкекте аялдардын тилектештик маршы өттү (Фоторепортаж)
- 3 года мурун
- Баяндар
Бишкекте 8-март Аялдардын эл аралык тилектештик күнүнө карата тынч жөө жүрүш өттү. Марш “Россия” кинотеатрынын алдында башталып Уркуя Салиеванын эстелигинин жанында жыйынтыкталды. Катышуучулар,“Тынчтык. Март. Марш” урааны менен жүрүп отуруп, жалпы жонунан 500 гө жакын киши чогулду.
ПолитКлиника медиасы, аялдардын укуктарына арналган жөө жүрүштү сүрөттөр менен баяндайт.
Алгач катышуучулар Кыргызстандын аялдары Украинадагы согушка каршы экенин билдирүү үчүн плакаттарды ошондой эле аялдарды теңдүүлүккө үндөгөн лозунгдар менен турушкан.
Бирок милиция кызматкерлери катышуучулардан Россия менен Украинанын желегин колдонбоого чакырышты. Милиция кызматкерлери»Украинанын да, Орусиянын да желегин көтөрбөгүлө, Кыргызстан орток позицияны карманат» деп эскертүү берди.
Мындан сырткары жүрүш башталганга чейин өздөрүн “Жарандык коомдун активисттери” деп атаган топ келип, “Украинанын жана Россиянын” желектерин колдонууга каршы болушкан.
Аталган окуядан кийин катышуучулар желектерди жана “Согушка жол жок” деген плакаттарды колдонушкан жок.
Тынчтык жүрүшү мурдагы жылдарга салыштырмалуу тынч өткөнү менен марш учурунда кармалган жарандар да болду. Белгилүү болгондой Кыргыз АССРнин желеги менен маршка кошулууга аракет кылган жаран кармалган.
Катышуучулар андан ары жолун улашты.
Тынчтык жүрүшү Уркуя Салиеванын эстелигинин жанында уланып, уютуруучулар жүрүштүн максатын катышуучуларга билдиришти. Уюштуруучулардын бири Алтын Капалова Кыргызстандын аялдары согушка каршы экенин айтып өттү.
“Биз бул жылы марштын темасы катары бүткүл дүйнө аялдарынын согушка каршы тилектештигин тандадык. Анткени Украинадагы согуш бардыгыбызга тиешелүү. Украинадагы согушту улантуудагы жүйөлөрдү чечкиндүү түрдө айыптайбыз жана карапайым адамдардын укугун коргогон адилет, тынчтыкты орнотууну талап кылабыз”, — деди Капалова.
Тилектештик маршы саат 15:00 чамасында аяктады.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 8-мартта жыл сайын аялдарпдын укуктарын коргоо максатында жөө жүрүш уюштурулуп келет. 2019-жылдын 8-мартында ушундай эле тынчтык митинги уюштурулуп, жүрүшкө чыккандар менен“кырк чоро” уюмунун ортосунда кагылышуу болгон.
Гулиза Урустамбек кызы