Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин экс-жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиев кармалды

  • 1 год мурун

Козголгон кылмыш иштин алкагында УКМК тарабынан Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин мурдагы жетекчиси кармалды. Бул тууралуу УКМК басма сөз борбору билдирди.

Комитеттин мурдагы жетекчиси — Зилалиев Дүйшөнбек Текшербекович (-ред.)

Зилалиев 2017-жылы ыйгарым укуктарына таянып, пайдалуу кендери бар жерлерге лицензия берүү маселесин чечип берүүнү убада кылып Б.Р. аттуу жарандан 50 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алганы аныкталды.

Бирок айтылган убадаларын аткарган эмес жана алган акча каражаттарын кайтарып берген эмес. Тергөөнүн жүрүшүндө чогултулган далилдердин негизинде 2023-жылдын 15-мартында Зилалиев УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Дүйшөнбек Зилалиевге кылмыш-жаза кодексинин 308-10-беренеси («Мыйзамсыз баюу») боюнча кылмыш иши козголгон.

2010-2017-жылдары ар кыл жетекчи кызматтарда, анын ичинде КР Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин директору, вице-премьер, ошондой эле мамлекеттик мүлк фондунун директору болуп иштеп, расмий кирешесинен тышкары байлык топтогондугу боюнча айыпталууда.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты