Мырза-Акедеги жатак мектепке 1 миллион сом берилди
- 3 года мурун
Президент Садыр Жапаров Ош облусунун Өзгөн районунда жайгашкан Мырза-Аке жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын жатак мектебине 1 миллион сом берди.
Бишкек шаарында 4-5-майда өткөн футбол боюнча «Мурас» достук мелдешинде Президенттин администрациясы командасы жеңишке жетишкен. Мамлекет башчы ошол учурда турнирдин байге фонду кайрымдуулук максатына багытталарын жарыялаган.
Жатак мектептин имараты 1988-жылы курулган, 200 орундуу. 181 тарбиялануучу билим алууда.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү