Режиссер, актриса Ырыс Жоомартованын сөөгү жерге берилди
- 2 месяца мурун
Бишкекте бүгүн, 3-мартта, актриса, продюсер жана режиссер Ырыс Жоомартованын сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу анын жакындары маалымдашты.
Ырыс Жоомартова 28-февралда Москвада дарылануу учурунда каза болгон.
Ырыс Жоомартова 1965-жылы 12-ноябрда Чүй облусунун Жайыл районундагы Тунук айылында туулган. Ал бир нече адистиктин ээси болгон. Башка окуу жайлар менен катар эле Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүрүп, телекоммунуникация боюнча адистикке ээ болгон. 2018-жылы “Ырыс” продакшн студиясын негиздеген. “Октябрь” кинотеатрынын директору кызматын аркалаган. Артында үй-бүлөсү — эки баласы калды.
Ырыс Жоомартова бир нече фильмдердин режиссеру, өзү бир канча ондогон кино тасмага тартылган.
Коштошуу тажиясында замандаштары Ырыс Жоомартова тууралуу эскерүүсүндө анын таланты, эмгекчилдиги, адамгерчилиги унутулбай турганын билдиришти.
Сүрөттө: Ырыс Жоомартова. Интернет булактарынан