Мыйзамсыз ташылып келинген дары-дармектердин ири партиясына бөгөт коюлду

  • 3 месяца мурун

18-январда «Ак-Тилек-унаа жолу» чек ара тилкесинде жүк ташуучу документтери ишенимсиз «Вольво» үлгүсүндөгү унаа кармалган. Андагы дары-дармектердин мыйзамсыз ташылып келингендиги аныкталды

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, ал унаада айыл чарба буюмдарына жамынып, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товар алып келүүгө жана Кыргыз Республикасынын салык органдарында каттоого турууга тиешелүү документтери жок, баасы 50 миллион сомдон ашык 450 ящиктен турган кымбат баалуу дары-дармектердин ири партиясы табылган. 

Учурда республикалык бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн, ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн фактыга башка кызмат адамдарынын катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жаткандыгы маалымдалды.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты