Мыйзамсыз миграциялык каналдын уюштуруучусуна пара берген жаран кармалды   

  • 9 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Пакистан жарандарын Кыргызстандын чек арасы аркылуу Казакстан тарапка кызматтык өткөрүү пункттарын айланып өтүү фактылары боюнча 1983-жылы туулган Э.Б.И. аттуу Кыргыз Республикасынын жараны Чүй облусунун аймагынан 11- октябрда кармалды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы маалымдады.

12-октябрда кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда (Мыйзамсыз миграция уюштуруу, мигранттарды мыйзамсыз алып келүү жана алып чыгуу) каралган кылмыштын негизинде козголуп, Жалал-Абад облусунун аймагында мыйзамсыз миграциялык каналды уюштуруучуга 1700 АКШ долларын которууда 1982-жылы туулган Б.А.М. аттуу Кыргыз Республикасынын жараны кармалды.

Алар Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен 2 айлык мөөнөткө Бишкек шаарындагы №1 тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы белгиленди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты