Мыйзамсыз лотерея уюштуруучулардын ишмердүүлүгү токтотулганы айтылды

  • 1 месяц мурун

«Лотереялар жөнүндө» мыйзамдын талаптарын бузуу менен «Ош сила» фиктивдүү лотереясын өткөрүү жолу менен алдамчылык схемасы уюштурулгандыгы аныкталган.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлееттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.  

“Тергөөнүн жүрүшүндө аталган лотереянын уюштуруучулары лотереянын катышуучуларынын акчасын алуу жана жеке баюу максатында лотерея ойнотуп, анын жыйынтыгында  жасалма жеңүүчүлөр аныкталганы такталган. Көптөгөн катышуучуларды тартуу үчүн лотереяда кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк (унаа, батир, жер) түрүндөгү кымбат баалуу байгелер ойнотулган.  Ал эми жеңүүчүлөр атайын дайындалган (жалган) адамдар болгон жана бардык байгелер лотереянын уюштуруучуларында калган. Муну менен алар жасалма байгелер менен карапайым арандарды адаштырып, алдамчылык иштеринен түшкөн пайданы көбөйтүшкөн” деп айтылат маалыматта.

«Ош сила» лотерея кеңсесинде жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында буюм далилдери — лотерея билеттерин басып чыгаруучу принтер, тираж үчүн барабан, мыйзамсыз лотереяларда байге катары колдонулган автоунаалар, ошондой эле мыйзамсыз иш-аракетти тастыктаган документтер табылган.

Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пункту, алдамчылык боюнча кылмыш иши козголуп, мыйзамсыз лотереянын уюштуруучулары К.у.К. жана Б.М.А. кармалып, № 21 тергөө абагына киргизилди.

Тергөө иш-чаралары улантылууда.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты