Мыйзамсыз кен казган жарандар кармалды

  • 2 года мурун

15-майдан 16-майга караган түнү саат 00:01лер чамасында Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун «Фулл Голд Майнинг» компаниясынын аймагында Чаткал районунун тургундары, курамында алтын камтылган руданы мыйзамсыз алып жаткандыгы тууралуу милицияга маалымат түшкөн.

Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз борбору билдирди.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад шаарынын күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери окуя болгон жерде уурдоого шектүүлөрдүн бирин колго түшүрүшкөн, калгандары издерин жашырып кетишкен. Мындан сырткары окуя болгон жерден ичинде көк түстөгү майда таштары бар, салмагы 5-6 килограммга жакын рюкзак жана перфоратор табылган.

Чогултулган материалдар Ала-Бука райондук ИИБде катталган. Буга карата кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси, «уурдоо» боюнча териштирүү иштери башталды.

17-майда Ала-Бука РИИБ ыкчам издөө иштеринин кызматкерлери тарабынан шектүү катары Т.Э., Б. у А., И.М., И.Н., К.И., Д. у Б. аттуу жарандар кармалган, Алар Ала-Бука РИИБге өткөрүлүп берилди.

Тиешелүү экспертиза дайындалып, териштирүү жүрүп жаткандыгы маалымдалды.

Сүрөт: Жалал-Абад облустук ИИБ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты