Мыйзамсыз иштеген дагы бир медресе аныкталды
- 2 года мурун
Чүй облусунун Сокулук районунун аймагында өз ишмердүүлүгүн тийиштүү дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу органдан каттоодон өтпөстөн жана эч кандай документтери жок диний билим берүү мекемеси-медересе түзүлгөндүгү аныкталды.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.
Анда дин жана билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдар, ошондой эле архитектуралык-курулуш жана санитардык-эпидемиологиялык нормалар бузулгандыгы аныкталды.
Текшерүү маалында медреседе атайын окуу программасы жок республиканын башка аймактарынан келген 12 жаштан 15 жашка чейинки жашы жете элек 7 бала билим алып жаткан.
Учурда медресенин ишмердүүлүгү токтотулуп, окуучулар ата-энелерине өткөрүлүп берилди. Ал эми мыйзамсыз диний ишмердүүлүктү уюштуруучуларга кылмыш-жаза кодексинин 142-беренесинин 4-бөлүгүндө «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө мыйзамдарды бузуу» боюнча каралган санкциялар колдонулууда.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы




