Мыйзамга антикризистик башкаруу режими деген түшүнүк киргизүү сунушталууда

  • 10 месяцев мурун

Экономика жана коммерция министрлиги «Экономикалык мүнөздөгү чектөөлөр шартындагы мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө» мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.

Документте мыйзамга «антикризистик башкаруу режими» деген түшүнүк киргизүү сунушталып, мындай режимди жарыялоонун тартиби менен шарттары көрсөтүлгөн.

Министрликтен билдиришкендей, документти кабыл алуунун максаты – «экономикада аныктала турган терс факторлорго карата ыкчам реакция кылуу механизмдерин түзүү».

Мыйзам долбооруна ылайык, антикризистик башкаруу режими алты учурда киргизилиши мүмкүн: эки квартал катары менен чет өлкөлүк түз инвестициянын чыгып кетүүсү 10% ашканда; үч айдын ичинде тышкы соода жүгүртүү көлөмү 10% кыскарганда; үч айдын ичинде салык төлөмдөрүнүн көлөмү 10% азайганда; инфляция өскөндө; ички дүң продуктунун көлөмү кыскарганда; өзгөчө кырдаалдар же өзгөчө абал режимдери киргизилгенде.

Антикризистик башкаруу режими кирген учурда Министрлер кабинети бир катар ыйгарым укуктарга ээ болот. Алардын ичинде «экономиканын конкреттүү бир тармагын калыбына келтирүү үчүн» атайын каржы чараларын көрүү, сырттан карыз алуунун жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, тарифтик саясатты өзгөртүү өңдүү ыйгарым укуктар бар.

Мыйзам долбоору кабыл алынса Кыргызстандын Бюджет кодексине, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө», «Ички соода-сатык жөнүндө» жана башка бир катар мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилет.

2022-жылы мартта Министрлер кабинети cоциалдык-экономикалык чакырыктарга ыкчам реакция кылуу боюнча антикризистик комитет түзгөн. Анда комитет туруктуу түрдө базар бааларына мониторинг жүргүзүп, азык-түлүк запасынын жетиштүү жана баалардын жеткиликтүү болуусун камсыз кылуу боюнча чараларды көрөрү кабарланган.

2023-жылы экономикалык өнүгүүнүн темпи 4,5% болот деп күтүлүүдө.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты