“Мыйзам үстөмдүгү орногондо гана ынтымак, биримдик жана өнүгүү болот”. Июнь окуясына карата кайрылуу

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров 2010-жылдагы июнь трагедиясын эскерүү күнүнө карата кайрылуу жасады.

«Бүгүн 14 жыл мурунку Ош, Жалал-Абад аймактарында болгон кандуу калабаны, анда каза болгон жарандарыбызды кайгыруу менен эскерип турабыз. Ошол каргашадан ондогон кылымдарды башынан кечирген санжыргалуу тарыхы бар Кыргызстан калкы эң алды журт биримдиги деп ураан чакырып чыга алды. Ошентсе да 2010-жылдагы бул каргашалуу окуяны эгерим эсибизден чыгарбашыбыз керек.

Бийликке келгендер да, эл да мындай арам ойлуулардын жетегине жетеленбешибиз керек. Жеке кызыкчылыктарга азгырылбай, баарыбыздын Ата Мекенибиз Кыргызстан экенин, аны бизден башка эч ким коргобостугун аңдап түшүнүүбүз зарыл» деп айтылат кайрылууда.

«Биз көп этностуу жамааттардын өлкөнүн коомдук турмушунун бардык чөйрөсүнө жоопкерчилик менен жигердүү катышуусун камсыздоого жетишүүбүз зарыл.   Ошону менен бирге өлкөбүздөгү этностор, конфессиялар жана башка социалдык топтор Баш мыйзамыбыз баштаган укуктук документтерге баш ийгенде жана мыйзам үстөмдүгү орногондо гана мамлекетибизде ынтымак, биримдик жана өнүгүү болот» деди кайрылууда президент.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты