Мыйзам бузуу фактысы боюнча 263 жеке клиниканын иши токтотулду
- 1 месяц мурун
263 медициналык уюмдун иши токтотулду, ал эми 246 мыйзамсыз медициналык иш жүргүзүү фактысы боюнча материалдар укук коргоо органдарына укуктук баа берүү жана тиешелүү чара көрүү үчүн жөнөтүлдү.
Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Саламаттык сактоо министрлиги республика боюнча 541ден ашык жеке медициналык уюмду текшерүүгө алган. Алардын ичинен 246сы же 45,5%ы жарактуу лицензиясы жок иш жүргүзүп келгени аныкталды. Лицензиясы бар 295 субъекттин ичинен 110унда лицензиялык талаптарды бузуу фактысы табылды.
Аныкталган бардык мыйзам бузуу фактылары боюнча административдик чаралар көрүлдү. Салынган айыптардын жалпы суммасы 20 млн 740 миң сомдон ашты. 263 медициналык уюмдун иши токтотулду, ал эми 246 мыйзамсыз медициналык иш жүргүзүү фактысы боюнча материалдар укук коргоо органдарына укуктук баа берүү жана тиешелүү чара көрүү үчүн жөнөтүлдү.
Сүрөт: Текшерүүнүн биринде. med.kg




