Мьянмадагы зилзала: Каза тапкандардын саны 1600дөн ашты

  • 1 месяц мурун

Мьянмадагы (Бирма) катуу жер титирөөнүн кесепетинен каза тапкандардын саны 1600дөн ашты. Өлкөнүн аскер бийлиги ишемби күнү чет өлкөлүк куткаруучуларды ишке тартты. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.

Бул акыркы кезде катталган көп сандаган адамдардын өлүмүнө алып келген жер титирөө болуп калды. 7,7 магнитудасындагы зилзала акыркы кылымдагы Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүндөгү катуу жер титирөөнүн бири болду. Жаратылыш кырсыгы аэропортторго, көпүрөлөр менен автожолдорго зыян келтирди.      

BBCнин Бирма кызматы өлкөнүн аскердик өкмөтү Мьянмадагы жер титирөөдөн каза тапкандардын саны 1644 кишиге жеткенин билдиргенин жазды.

Мьянмага коңшу жайгашкан Таиландда курулуп жаткан көп кабаттуу имарат кулап, андан кеминде 9 киши каза тапты.

Мьянманын Мандалай шаарында аман калгандар техника жана жардам келгиче, колдору менен тырмалап, аман калгандарды куткаруунун айласын жасашкандыгы айтылат.

Ишембиде Бангкокто 33 кабат  курулуш кулап, 47 киши дайынсыз болууда.

Нейпьидо жана Мандалайдагы эл аралык аэропорттор анча чоң эмес зыян тарткан, азырынча жабык тургандыгы белгиленди.  

28-мартта Мьянмада жана Таиландда катуу жер титирөө катталды. Жер титирөөнүн очогу Мьянмада болуп, 7,7 магнитудасына жеткен.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты