Мьянмада 7,7 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды

Мьянмада жана Таиландда катуу жер титирөө катталды. Жер титирөөнүн очогу Мьянмада болуп, 7,7 магнитудасына жеткен.

Бул тууралуу BBC News АКШнын геология кызматына шилтеме берүү менен билдирди.

Жер титирөөнүн очогу Мьянманын Мандалай шаарынан анча алыс эмес, Сагайн шаарынан 16 чакырым түндүк-батышта болгон.

Андагы сүрөттөрдөн жана видео тасмалардан көп кабаттуу үйлөр кантип титиреп жана кулап жатканын көрүүгө болот.

Жер титирөө Кытайда да сезилген.

Сүрөт:  bbc.com.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты