Музыкалык мектеп-интернаттагы өрттөн бир киши түтүнгө ууланды
- 1 год мурун
- Видео
Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатынан чыккан өрт саат 13:22де өчүрүлдү. Өрттүн аянты болжолдуу 1000 чарчы метрди түздү.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады.
ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын нөөмөтчүсүнүн берген маалыматына ылайык, өрттүн кесепетинен бир жаран түтүнгө ууланып, тез жардам кызматы тарабынан биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү. Абалы жакшы.
Өрттү өчүрүү боюнча жеринде ӨКМден 4 унаа, штаб жанакКризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан 2 офицер иш алып барды.
Андан тышкары ички иштер министрлигинен 20 кызматкер, 2 экипаж жана “Тез жардам” кызматынан бригада тартылган.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!




