Мусулмандар «халифасы» камакта. Тыюу салынган “Йакын-Ынкаар” уюм мүчөлөрүнө чара көрүлүүдө  

  • 2 месяца мурун

31-майда Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) менен Ички иштер министрлиги (ИИМ ) биргелешип, Чүй облусунда тыюу салынган “Йакын-Инкар” диний агымынын активдүү мүчөлөрү жана жактоочулары жашаган жеринде издөө иштерин жүргүзүп, алдын ала маалыматтар боюнча экстремисттик идеологияны үгүттөөчү көп сандагы басылмалар, электрондук маалымат каражаттары (компьютерлер, флешкалар ж.б.) табылып алынган.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Тыюу салынган кыймылдын 16 мүчөсү кармалып, алардын ичинен өзүн мусулмандардын «халифасы» деп эсептеген М.Б.М. кылмыш-жаза кодексинин 331-беренесинин 2-бөлүгүнүн (Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо) негизинде айыпталуучу катары тартылып, жаза аткаруу кызматынын №1 тергөө камак жайына киргизилген.

Калган жарандарга тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты