Дмитрий Бивол Токмок шаарындагы өзү окуган мектепти оңдоп-түзөп берди (Видео)
- 11 месяцев мурун
- Видео
Дүйнө чемпиону, мушкер Дмитрий Бивол Токмок шаарындагы өзү окуган мектепти капиталдык ремонттон өткөрүп берди. Бул тууралуу блогер Адилет Ногойбаев Фейсбук баракчасына видео тасма жарыялады.
Дмитрий Бивол мектепке болжол менен 35 миллион сом жардам иретинде берген. Ал каражатка мектептин ичи-тышын оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп, тиешелүү эмерек жана жабдуулар алынган, анын ичинде видео көзөмөл камералары, компьютерлерди алып берген.
Мектептин мугалимдери, директору Дмитрий Биволго абдан ыраазылы болгонун билдиришүүдө.
Эр-Рияд шаарында 34 жаштагы Дмитрий Бивол Артур Бетербиевди жеңип, дүйнөнүн абсолюттук чемпиону болгон. Учурда Орусияда жашайт, мушкерлик таржымалында 24 жолу жеңип, бир жолу жеңилген. Ал эми Орусияга санкция салынган учурда Кыргызстандын туусу алдында чыккан. Дмитрий Бивол Кыргызстанда, Токмок шаарында туулган.

Баш сүрөт: Видео тасмадан.
Сүрөт: Дмитрий Бивол. Интернет булактарынан




