Жогорку Кеңештин имаратын капиталдык оңдоо иштери аяктап калды   

Мурдагы Ак үйдө, Жогорку Кеңеш жайгашкан имаратта капиталдык оңдоо иштери аягына чыгып калды.

Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев Фейсбук баракчасына жазды.  

“Бүгүн реконструкциядан кийинки абалы менен жеринен таанышып чыктым. Учурда иштер соңуна чыгып калды, жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет. Бул имарат мезгил талабына жараша жаңыланып, бирок тарыхый өңүн сактоо менен улуттук мурастын уландысы катары келечек муундарга кызмат кылууга багыт алды” деп жазды Туманбаев.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты