Чүй облусунда 2,8 гектар өндүрүштүк жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды
- 12 месяцев мурун
Токмок шаарынын чыгыш өнөр жай аймагында жайгашкан 2,8 гектар жер тилкесин мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы аныкталды.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 1989-жылы эл депутаттарынын Токмок шаардык Советинин аткаруу комитетинин №100 чечими менен кара металл сыныктарын кабыл алуу боюнча «Вторчермет» ишканасына өндүрүштүк базаны куруу үчүн жер бөлүнүп берилгендиги аныкталган. 2000-жылдардын башында ишкананын мураскери «Чуйоблснабторг» ачык акционердик коому (ААК) банкрот болгондон кийин, мүлк, анын ичинде жогоруда аталган аймак жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен.
Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө мыйзамдын 5-беренесине ылайык, мамлекеттик же муниципалдык ишканаларга мөөнөтсүз акысыз пайдаланууга берилген жер участоктору алар жоюлгандан кийин мамлекеттин менчигине өтүүгө тийиш.
Учурдагы менчик ээси Ж.Т.Д. аттуу жаран, 2,8 га участогуна мыйзамсыз ээлик кылуу фактысын мойнуна алып, жерди өз ыктыяры менен мамлекеттин менчигине өткөрүп бергени айтылды.
Иллюстрациялык сүрөт: УКМК басма сөз кызматы




