Мушкер Дмитрий Бивол дүйнөнүн абсолюттук чемпиону болду

  • 2 месяца мурун

Эр-Рияд шаарында орусиялык мушкер Дмитрий Бивол мекендеши Артур Бетербиевди жеңип, дүйнөнүн абсолюттук чемпиону болду.  

Беттеш 12 раундга созулуп, көпчүлүк калыстардын чечими менен жеңиш Дмитрий Биволго ыйгарылды.

Орусияга каршы санкциялардан улам эки орусиялык мушкер тең башка мамлекеттердин туусу менен чыгышты. Дмитрий Бивол Кыргызстандын туусу алдында чыкты, ал Кыргызстанда, Токмок шаарында туулган. Артур Бетербиев Канаданын туусу менен чыкты, мушкер ал өлкөнүн жараны болуп эсептелет.    

Орусиялык эки мушкердин биринчи беттеши 2024-жылы октябрь айында болгон. Анда калыстар тобунун чечими менен жеңиш Артур Бетербиевге ыйгарылган.  

34 жаштагы Бивол 24 жолу жеңип, бир жолу жеңилген.

40 жаштагы Бетербиев биринчи жолу жеңилип, 21 жолу жеңишке жетишкен.  

Мушкер Дмитрий Бивол дүйнөнүн абсолюттук чемпиону болду

Баш сүрөт: DAZN Boxing

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты