Токмокто жигит онлайн казиного 287 миң сомун уттуруп, аны жашыруу үчүн өзүнө бычак сайган

  • 2 месяца мурун

Токмок шаарында 18 жаштагы жигит онлайн казиного 287 миң сом уттуруп, аны атасынан жашыруу үчүн өзүнө бычак сайып, аны тоноп кеткенин жарыялаган. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы (ИИББ) билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Токмок шаарынын милициясына 2006-жылы туулган А.Р. аттуу жаран кайрылып, ушул жылдын 14-декабрь күнү кечинде Токмок шаарынын Шоссейная жана Колхозная көчөлөрүнүн кесилишинде азиат түспөлдүү 3 жигит ага физикалык күч колдонуп, бычак сайып, анын 287 миң сомун алып, белгисиз тарапка из жашырып кетишкенин айткан.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин (Каракчылык) негизинде кылмыш иши козголуп, керектүү соттук-укуктук экспертизалар дайындалган.

Иликтөө иштери жүрүп, анын жыйынтыгында милицияга кайрылган А.Р.нын көргөзмөсү жалган экендиги жана ага эч ким кол салып, анын акчасын тоноп кетпегендиги белгилүү болгон.

«Анткени жаран А.Р. «Ринго-Трейд» онлайн казиносунда ойноп, жогорудагы 287 000 сом акчасын жоготуп, атасынан коркуп, өзүнө каракчылык жасап, бычак сайып, андан соң бычакты ыргытып жиберген»,- деп айтылат милиция берген маалыматта.

Окуянын чыныгы чоо-жайы белгилүү болгондон кийин милиция кызматкерлери А.Р. жана анын атасы менен биргеликте жигит өзүнө кол салган жерге барып, кароо жүргүзүшкөн. Анда жогоруда аталган жигит А.Р. бычак ыргыткан жерин көрсөткөн.

Мындан сырткары А.Р.га соттук-медициналык экспертиза дайындалып, жыйынтыгында ал өзүнө бычак сайышы мүмкүн экени аныкталган.

Учурда кылмыш ишин иликтөө иштери уланып жаткандыгы жана А.Р.нын жалган билдирүүсүнө карата укуктук баа берилип, процессуалдык чечим чыгарылары айтылды.

«Урматтуу жарандар! Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 363-беренесине ылайык (Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү) болгон учурда эркиндигинен ажыратууга чейинки кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу каралгандыгын эскертет»,- деп билдирди Чүй милициясы.

Сүрөт: Чүй ИИББдин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты