Мурдагы министрдин тууганы дары-дармек соодасындагы коррупцияга шектелүүдө

  • 3 года мурун

Мурдагы саламаттык сактоо министринин тууганы дары-дармек соодасындагы коррупцияга шектүү катары кармалды. Бул тууралуу 15-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз катчысы Күмүшбек Шабданов билдирди.

“Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү экс-министринин туугандарынын бири С.Ж.К. дары-дармек менен камсыздоо департаментинде каттоону жана кайра каттоону мыйзамсыз тездетүү максатында министрликтин кызмат адамдарына пара берүү менен фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын колдогону жөнүндө далилдер алынды” деди Шабданов.

Кылмышка шектүү адамдын бөгөт чарасы аныкталганы, ал тергөө аяктаганча УКМКнын тергөө абагында камакта болору айтылды.

Кармалганы маалымдалган адам кайсы министрге кандайча тууган экени ачык айтылган жок.

Дары-дармек базарындагы абал боюнча маселе 13-октябрда парламентте да көтөрүлүп, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев депутаттардын фармацевтикадагы мафия тууралуу суроосуна жооп берип, бул уюшмага мамлекеттик кызматта иштегендер да аралашып кеткенин белгилеген жана “мурдагы министр Космосбек Чолпонбаевдин бир тууган карындашы мафияны министрликтин деңгээлине чыгарып алган” деп айткан.

Чолпонбаев министр болуп 2018-2020-жылдары иштеген. Кызматтан түшкөндөн кийин ага карата “шалаакылык жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” айыбы тагылган, өзү үй камагына алынган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанга дары ташыган компаниялардын саны 200дөн ашат. Ал эми дарыканалардын саны 3200дөн ашуун. Алардын көпчүлүгү Бишкек шаарында жайгашкан.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты