Таласта  күчтүү таасир этүүчү дары-дармектер алынды

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлеринин ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө психотроптук заттардын ири партиясын мыйзамсыз ташуу фактысы аныкталды.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Талас шаарында 34 жаштагы К.У. Э. аттуу жарандан курамында психотроптук заты бар күчтүү таасир этүүчү 46 455 капсуладагы препараттар алынган.

Аталган факты боюнча соттук-химиялык экспертиза дайындалып, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты