Күчтүү дары-дармек жана акцизсиз тамекини Өзбекстанга ташыган канал аныкталды
- 2 недели мурун
- Видео
23-январда козголгон кылмыш иштин алкагында Баткен облусунун Кадамжай районунун чек ара аймагында Өзбекстан жаранына күчтүү таасир этүүчү дары-дармек каражаттарын өткөрүп берүүгө аракет кылган учурда 1999-жылы туулган М.у.Э. аттуу жаран кармалган.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы маалымдагандай, кармалган адамды тинтүү учурунда 396 даана «Тропикамед», ал эми жашаган жеринен (Кыргыз Республикасындагы дары-дармек каражаттарынын реестринде катталбаган) 25 даана «Регопен» дарысы табылган.
Ошондой эле Кадамжай районунда жашаган Т.у.М. аттуу жаран Кыргызстандан Өзбекстанга товар ташуу боюнча мыйзамсыз каналдын уюштуруучуларынын бири катары аныкталган. Тинтүү учурунда «ESSE CHANGE» үлгүсүндөгү акцизсиз 60 куту, баасы 4 млн. сомго жакын тамеки продукциясы табылган. Мында салык мыйзамдарын бузуунун натыйжасында мамлекеттик бюджетке 2 млн 335 миң сомго жакын зыян келтирилген.
Кармалган КР жараны Т.у.М. УКМКнын тергөө абагына киргизилип, тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Маалымат үчүн: «Тропикамед», «Регопен» күчтүү дары-дармектер, алар дарыгердин рецепти менен гана сатылат, соода түйүндөрүндө «дарылардын кыймылын жана келгендигин каттоо китеби» болушу керек. Башка дарылар менен айкалыштырып колдонууда катуу көз карандылык пайда болот.


Баш сүрөт: Видео тасмадан алынды.
Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы