Мурдагы мамлекеттик мүлк министрине карата кылмыш иши уланууда

  • 2 года мурун

2017-жылдын 23-июнунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан мурдагы мамлекеттик мүлк министри Т.Т.О. жана мамлекеттик мүлктүн мурдагы бөлүм башчысы К.Б.К. карата кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин (Автомобиль жолдорун пайдалануу жана аларды сактоо эрежелерин бузуу) негизинде жана “Кадамжай сурьма комбинатынын” башка жооптуу адамдарына карата коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Бул боюнча тергөө иштери кайрадан жүргүзүлүүдө.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылдын 12-декабрында кылмыш иши кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесине (коррупция) кайра квалификацияланган.

Азыркы учурда бул факты боюнча тиешелүү процессуалдык чечимдерди кабыл алуу үчүн тергөө иштери жүргүзүлүүдө, -деп УКМК басма сөз кызматы маалымат берди.  

Ал эми аталган жылдары мамлекеттик мүлк министри Турдумамбетов Турсун болгонун эсиңиздерге салабыз.   

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты