Мурдагы качкын президент Курманбек Бакиев Данияр Үсөновдун аты-жөнүн алмаштырып алганы тууралуу

Мурдагы качкын президент Курманбек Бакиев “Жаңы ордо” гезитине берген маегинде Данияр Үсөнов эмне үчүн аты-жөнүн алмаштырып алганы тууралуу суроого жооп берди:

— Малайзияда каза болду деген «маркум» Данияр Үсөнов, тирүү туруп өз фамилиясын алмаштырууга эмне күч келди экен?

— Эми аны Данияр Үсөновдон сура… Мен деле Даниярга айттым, «Атаңды көргөн адаммын». Мен, Жалал-Абадда иштеп турганда атасы менен таанышканмын. Жакшы киши эле…

Анан Данияр «Курманбек Салиевич, мен ушунчалык тажадым. Төңкөрүш болгон окуяларды жана башка нерселерди өз өмүрүмдөн чийип салайын дедим» деп мага агынан жарылды. Эми аты-жөнүн, фамилиясын алмаштырам дегени анын өз иши. Өз эрки да, туурабы?-деп жооп берди Бакиев.

Курманбек Бакиев Кыргызстанды 2005-жылдан 2010-жылга чейин башкарган. Ал бийликке «Жоогазын» революциясынан кийин келип, 2010-жылдын 7-апрелинде 87 адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодон кийин үй-бүлөсү менен Беларуска качып кеткен.

Кыргызстанда Бакиев менен анын жакындары бир нече кылмыш иши боюнча айыпталып, сыртынан соттолушкан. Өзүлөрү айыптоолорду четке кагып келишет.

Данияр Үсөнов Кыргызстанда 2010-жылдын апрелиндеги элдик толкундоонун катышуучуларына каршы кылмыштары үчүн айыпталып, сыртынан өмүр бою абакка кесилген.

Сүрөттө: Данияр Үсөнов. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты