Дүйнөлүк VI көчмөндөр оюндары: Кыргыз күрөшү боюнча мелдештин жыйынтыгы чыкты
- 1 месяц мурун
- Жаңылыктар
3-сентябрда “Газпром” дене тарбия ден соолукту чыңдоо борборунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында кыргыз күрөшү боюнча мелдештер өттү.
Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Мелдешке дүйнөнүн 43 мамлекетинен келген жалпы 81 спортсмен катышты.
Жеңүүчүлөр жана байге ээлери:
60кг чейин:
1-орун -Толубай Шүкүров (Кыргызстан)
2-орун- Жамоллиддин Нематуллаев (Өзбекстан)
3-орун- Георгий Инашвили (Грузия)
3-орун-Мунхбат Ганкуяж(Монголия)
84кг чейин:
1-орун- Азизхан Мусабек уулу(Кыргызстан)
2-орун- Хусан Абдухамидов(Өзбекстан)
3-орун- Навруз Каримзод (Тажикстан)
3-орун- Атагелди Тежендурдыев (Түркмөнстан)
100кг жогору:
1-орун- Бактияр Мирлан уулу (Кыргызстан)
2-орун- Алмас Жумагали (Казакстан)
3-орун- Сарвар Икромов (Өзбекстан)
3-орун-Бат-Оршкин Батсуури (Монголия
Байге ээлерине төмөнкүдөй акчалай сыйлыктар ыйгарылды:
1-орун- 150 миң сом
2-орун- 100 миң сом
3-орун- 80 миң сом.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт.
Сүрөт: Дене тарбия жана спорт агенттиги




