“Мурас” мүнүшкөрлүк борборунун кызматкерлери 7 млн сомдук мыйзамсыз иш-аракеттерге жол берген

  • 11 месяцев мурун

Түп районунун Тогуз-Булак айылында президенттин иш башкармасынын алдындагы “Кыргыз мамлекеттик аңчылык чарбасы”  мамлекеттик ишканасынын аймагында жана Тогуз-Булак айыл аймагында «Мурас» мүнүшкөрчүлүк борбору жоопкерчилиги чектелген коому (ЖЧК) бак-дарактарды мыйзамсыз кыйып, жайыт жерлеринин топурагын иштеткени аныкталды.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө “Мурас” ЖЧКсынын жооптуу кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери аныкталып, экологияга өзгөчө ири өлчөмдө 7 млн 700 миң сом зыян келтирилгени такталды. Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен белгиленген зыяндын орду толугу менен мамлекеттик бюджетке толтурулду.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты