Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиадага жолдомо алды. Кыргызстандыктарда 15 жолдомо болду  

  • 2 месяца мурун

Кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Париж шаарында өтө турган Олимпиадага жолдомо алды.  

Бул тууралуу КР мушкерлер ассоциациясы социалдык тармакта билдирди.  

Таиландда, Бангкок шаарында Мунарбек Сейитбек уулу 57 килограмм салмакка чейин жарым финалга жетип, украиналык мушкерге жеңилип калды.  Олимпиада үчүн таймашта индиялык спортчуну 5:0 эсебинде утту жана коло медалга ээ болду.   

Ушуну менен кыргызстандык спортчулар Париж олимпиадасына 15 жолдомо жеңип алды.

Олимпиадага жолдомо алгандар: Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Амантур Исмаилов, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков, Бекзат Алмаз уулу, Эрназар Акматалиев, Айаал Лазарев жана сууда сүзүүдөн Денис Петрашов, теги якутиялык, 2023-жылдан бери Кыргызстандын атынан чыгып келе жаткан орусиялык жеңил атлет Сардана Трофимова, дзюдочу Эрлан Шеров.

Сүрөттө: Мунарбек Сейитбек уулу. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты