Кыргызстандын жаштар курама командасы Азия кубогуна жолдомо алды

  • 7 месяцев мурун

Кыргызстандын жаштар курама командасы (U-23) тарыхта биринчи жолу Азия кубогуна жолдомо алды.

Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн Кыргызстан менен Шри-Ланка курама командаларынын ортосундагы футболдук беттешке президент садыр Жапаров барды.

Оюн 2026-жылы өтө турган футбол боюнча Азия Кубогуна (U-23) тандоонун алкагында өттү.

Кыргызстан курамасы Шри-Ланка курамасын 6:0 эсебинде жеңди.

Буга чейин биздин футболчулар «E» тайпасында Палестинаны 2:1 эсебинде жеңип, Өзбекстан менен 2:2 эсебинде тең чыгышкан.

Кыргызстандын жаштар курама командасы (U-23) тарыхта биринчи жолу Азия кубогуна жолдомо алды.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты