Мунай жана мунай продуктуларын ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды

  • 4 недели мурун

Мунай жана мунай продуктуларын ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу Министрлер кабинети токтом кабыл алды.

Токтом ички мунай жана мунай продуктулар рыногунун туруктуу иштешин камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун коргоо, мунай заттарынын жетишсиздигине жол бербөө жана өлкөнүн ички муктаждыктарын үзгүлтүксүз камсыздоо максатында кабыл алынды.

Токтом менен 2027-жылдын 1-апрелине чейин Кыргыз Республикасынын аймагына автотранспорт менен айрым түрдөгү мунай жана мунай продуктуларын ташып кирүүгө убактылуу тыюу салуунун күчүн токтото туруу каралган.

Мындан тышкары, ички рынок толук камсыз болгонго же ЕАЭБтин мунай жана мунай продуктулары боюнча жалпы рыноктору түзүлгөнгө чейин автотранспорт жана темир жол транспорту менен мунай жана мунай продуктуларын ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты