Кытайдын Sinopec корпорациясы Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу май жеткирет
- 4 недели мурун
- Жаңылыктар
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кытайдын Синьцзян-Уйгур автоном районуна иш сапарынын алкагында, Кытай мунай жана химиялык корпорациясынын (China Petroleum & Chemical Corporation — Sinopec) директорунун орун басары Тянь Хунбинь менен жолукту.
Министрлер кабинитинин сайтында маалымдалгандай, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө негизинен тараптар Sinopec корпорациясы менен Кыргызстандын күйүүчү-майлоочу материалдары менен иш жүргүзгөн компанияларынын ортосунда түз байланыштарды орнотуу жана Кыргызстанга мунай продуктуларын жеткирүүгө байланышкан маселелер каралды.
Эрлист Акунбеков баштаган кыргыз делегациясынын негизги курамын Кыргызстанда мунай менен иш жүргүзгөн ондон ашуун компаниянын жетекчилери түзөт, жолугушууда буга чейин келишим түзгөн компаниялардын маселелери да каралды.
“Кыргызстан Кытайдан мунай продуктуларын жеткирүү көлөмүн көбөйтүүгө кызыкдар. Бул багыт чоң келечекке ээ жана өлкөлөрүбүздүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелердин алкагындагы кызматташтыктын узак мөөнөттүү багыты болуп саналат деп эсептейм” деди Акунбеков.
Өз кезегинде мунай жана газ тармагындагы дүйнөдөгү эң ири компаниялардын ичинен алтынчы орунда турган Sinopec корпорациясынын директорунун орун басары Тянь Хунбинь, буга чейин түзүлгөн биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну жана мунай тармагында жаңы багыттарда иш алып барууга кызыкдар экенин билдирип, Sinopec корпорациясынын тарыхы жана ишмердүүлүгү менен тааныштырды.
Жолугушуунун соңунда курамына тиешелүү мамлекеттик органдар жана компаниялар кирген жумушчу топтор, Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу материалдарды жеткирүүгө байланыштуу транспорт, бажылык жол-жоболоштуруу, соода жүгүртүү жана башка тиешелүү маселелерди талкуулашты.
Сүрөт: gov.kg




