Мунай өндүрүүчү компаниянын өкүлдөрү кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Жалал-Абад облустук башкы башкармалыгы тарабынан мунай жана жаратылыш газын өндүрүү  үчүн скважина бургулоо менен алектенген компаниянын өкүлдөрүнө кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү (Кызмат абалынан кыянат пайдалануу) менен кылмыш иши козголду.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Салык кызматы тарабынан текшерүүнүн жүрүшүндө мунай өндүрүүчү компаниянын 207 млн ​​сомго жакын салык төлөөдөн качуу фактылары аныкталган.

Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө бир нече компаниянын иш-аракеттерин координациялоо бир адамдын, Кытай жаранынын жетекчилиги тарабынан ишке ашырылганы аныкталды. Товар жеткирүүнү жасалмалоо, ошондой эле кызмат көрсөтүү боюнча ишканалардын бири-бири менен байланышы жана тиешелүүлүгү аныкталган.

Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аныкталган 60 миллион сомго жакын зыяндын бир бөлүгү мамлекетке өндүрүлгөн. Калган зыянды тез арада төлөп берүү пландалууда.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты