«Муктаждык өсүп жатат». Мамлекет башчы электр энергиясынын өчүрүлүшү тууралуу
- 3 месяца мурун
Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине электр энергиясы эмнеге өчүрүлүп жатканы тууралуу маек берип, анын себептерине мындайча токтолду:
«Бизде электр энергиясынын дефицити азыркы учурда 3,9 млрд кВт саат. 2020-жылы биз бийликке келгенде эле кышкысын 3 млрд кВт. саат электр энергиясы тартыштык бар болчу. Бул эмнеден улам келип чыккан тартыштык? Анткени 30 жылда бир дагы ГЭС салынган эмес. 30 жылдын ичинде жок дегенде жыл сайын кубаттуулугу 30 МВт болгон бирден чакан ГЭС куруп турганда кышкысын мынчалык каатчылык болмок эмес» деди президент маегинде.
Ал эми электр энергиясына болгон муктаждык жыл сайын өсүп жатканын айтты.
-Акыркы эки жылдан бери ГЭСтерди, шамалдан, күндөн алуучу энерго булактарын массалык түрдө салып жатабыз. Бирок ошентсек да ортодогу ажырымды кубалап жете албай жатабыз.
Электр энергиясына болгон муктаждык жыл сайын өсүп жатат. Жогорудагы аталган объектилерден сырткары дагы көптөгөн чоң кубаттуулуктагы завод-фабрикалар ишке кирип жатат. Мисалы, Чүй облусунда быйыл ишке кирген “Терек Таш” цемент заводунун эле колдонуучу кубаттуулугу 30 МВт түздү, -деди президент «Кабар» агенттигине берген маегинде.