Адылбек Касымалиев Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барды
- 3 недели мурун
- Жаңылыктар, Фоторепортаж
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кыргыздын көрүнүктүү жазуучусу, мамлекеттик ишмери жана Кыргыз Республикасынын Баатыры Чыңгыз Айтматовдун Бишкек шаарындагы үй-музейине 18-августта барды.
Адылбек Касымалиев менен бирге үй-музейге мамлекеттик катчы Арслан Койчиев жана бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилери да барышты.
МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев үй-музейдин абалы, музей материалдарын сактоо шарттары, ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун ишмердүүлүгү жөнүндө баяндаган экспозиция менен таанышты.
Музейдин мындан аркы ишмердүүлүгү, музей комплексинин инфраструктурасын өнүктүрүү келечеги боюнча маселелер талкууланды.
Чынгыз Айтматовдун 100 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чаралардын планына ылайык, Бишкек шаарында «Айтматов ордосу» комплексин түзүү боюнча долбоордук иштерди жүргүзүү, сынак жарыялоо жана курулуш иштерин уюштуруу каралган.








Сүрөттөр: gov.kg




