«Достуктун алтын көпүрөсү» эстелиги ачылды

  • 12 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Бишкекте  22-августта “Достуктун алтын көпүрөсү” аттуу эстеликти ачышты.

Композиция Кыргызстандын эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовго жана Казакстандын эл жазуучусу Мухтар Ауэзовго арналган.

Мамлекет башчы баса белгилегендей, эстелик кыргыз менен казактын боордоштугунун, кылымдарды карыткан руханий достугунун, чыгармачылык алака-катышы менен маданий ынтымагынын жаркыраган символу болуп саналат. Ал классиктердин, достук көпүрөсүн сөзү менен гана эмес, бүтүндөй жүрөгү менен кургандардын салымын белгиледи.

«Мухтар Ауэзов өз чыгармаларында казак талаасынын демин, эркиндикке умтулган элдин күчүн даңазалап, «Манас” эпосун жайылтууга олуттуу салым кошсо, Айтматов керемет кыргыз жергесинин асылдыгын, адамдык нарк менен ыймандын бийиктигин, аны менен кошо эки элдин тагдыры менен тарыхын дүйнөгө таанытты» деди Садыр Жапаров.

Өз кезегинде Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев өз сөзүндө Садыр Жапаровго жана бүткүл кыргыз элине Мухтар Ауэзовдун мурасына болгон аяр мамилеси үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн ортосундагы маданий байланыштардын маанисин баса белгиледи.

«Былтыр Астана шаарында Айкөл Манастын эстелигин салтанаттуу түрдө ачтык. Мындай жакшы демилгелер боордош өлкөлөрдүн ортосундагы достукту жана кызматташтыкты дагы да бекемдейт. Чынында эле казак менен кыргыздан өткөн жакын эл жок. Элдерибиз кан-жаны, руханий байланыштары, жалпы тарыхы жана маданий мурастары менен байланышкан. Көп кылымдык достугубуз убакыттын сыноосунан өттү» деп белгиледи Касым-Жомарт Токаев.

"Достуктун алтын көпүрөсү" эстелиги ачылды

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты