Мугалимдердин мээнети терең сыйга татыктуу. Президенттин куттуктоосу

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-октябрда, мугалимдерди жана билим берүү тутумунун кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Куттуктоодо мындай деп айтылат:

-Келечегибизге билим үрөнүн сээп келе жаткан замандаштарыбызды: бала бакча тарбиячылары менен мектеп мугалимдерин, кесиптик жана жогорку окуу жайлардын окутуучулары менен профессорлорун, жалпы эле билим берүү мекемелеринин кызматкерлерин кесиптик майрамы — Билим берүү кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!

Өтө чыдамкайлыкты, талбаган эмгекти талап кылган мугалимдик кесиптин коомду калыптандыруудагы жана өнүктүрүүдөгү мааниси зор. Мына ошондуктан мугалимдер менен окутуучулардын мээнети терең сыйга татыктуу.

Жалпы адамзаттын баалуулуктарын, улуттук наркты жаш муундардын кан-жанына сиңирип, адамзаттын басып өткөн жолун, жетишкендиктерин жана келечектеги мүмкүнчүлүктɵрүн окутуп үйрөтүүдө сиздердин ролуңуздар абдан чоң.

Мектеп баштаган билим берүү мекемелеринде балдар өз өлкөсүнүн тарых-таржымалын, эне тилин, маданияты менен каада-салтын окуп-үйрөнүүнүн негизинде өзүн жаран деп таанып билет, Кыргызстан калкынын биримдигине жооптуу экенин сезип-туят.

Улутуна, ишенимине, тилине карабай, кыргыз жараны катары мекенчилдик, атуулдук, өз өлкөсү үчүн сыймыктануу сезимдери калыптанат.

Жаштарыбыз дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө илим, ишкердик жана башка багыттарда албан-албан ийгиликтерге жетишип жатышат, -деди мамлекет башчы.

Иллюстрациялык сүрөт: gov,kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты