Мугалимдер айлык акыны теңдештирүү боюнча көп кайрылып жатышат. Депутат маселе көтөрдү

  • 3 недели мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Токтобүбү Ашымбаева мугалимдердин айлык акысы жогорулаганда мурда жогорулабай калган категорияларда дагы айырмачылыктар болушу ыктымал деген маселени көтөрдү.

-Ушул жерде айтылуучу бир маселе болуп жатат. 2022-жылы мугалимдердин айлык акысы көтөрүлгөндө мугалимдердин предметтик коэффициенти бирдей болбой калган. Ошонун натыйжасында айлыкта айырмачылыктар кездешкен. Азыр дагы тынчсыздануунун жана кайрылуунун негизи ушунда болуп жатат: Эгерде коэффициент теңдештирилбесе, айлыктын айырмачылыгы андан да чоң болот деген коркунуч бар. Эгерде тиешелүү министрликтер бул боюнча тиешелүү иш жүргүзүп жаткан болсо, бул боюнча маалыматты кеңейтиш керек. Экинчиден орто кеисптик окуу жайлардын мугалимдеринин кайрылуусу буларда дагы 10-11-класстарынын предметтик мугалимдеринин коэффициенти мектептин мугалимдериникинен дагы төмөн болуп жатат деп кайрылышууда, -деди депутат Ашымбаева.      

Депутат мугалимдер жана орто кесиптик окуу жайлардын мугалимдери айлык акынын көтөрүлүшү боюнча көйгөйлүү бир маселе боюнча кайрылып жатканын билдирди.  

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев да  бул масеое  боюнча 300дөй мугалим кайрылганын айтты. Тиешелүү жетекчилерге көйгөй чоңоюп кете электе түшүндүрүү иштерин же туура маалымат берүүнү тапшырды.

Кыргызстанда апрель айынан тартып мугалимдердин жана саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин айлык акысы көтөрүлүүдө.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты