Мугалимдер 1-сентябрдан баштап электрондук журнал пайдаланышат
- 1 год мурун
Мектептерде буга чейин толтурулуп келген класстык журнал жокко чыгарылат.
Бул тууралуу 4-июлда агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары менен өткөргөн онлайн-кеңешмеде билдирди.
Ал мурда мугалимдер толтуруп келген класстык журнал жокко чыгарылганын, 2025-2026-окуу жылында мугалимдер «Мугалим» автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу электрондук журналды гана толтурушарын айтты.
Муну бөлүшүү




