Мударис Кусеин Исаев өмүрүн билим берүүгө, илимге арнады

Кыргыз Республикасынын эл мугалими, Кыргызстандын социологдор коомунун төрагасы, көрүнүктүү окумуштуу жана коомдук ишмер Кусеин Исаев 2023-жылдын 31-мартында узакка созулган оорудан улам, 86 жашында дүйнөдөн кайтты.

Кусеин Исаев 1937-жылы 7-сентябрда Ысык-Көл районунун Бостери айылында төрөлгөн.

1956-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетине кирип, аны 1961-жылы артыкчылык диплому менен аяктаган. Эмгек жолун аталган университетте саясий экономика кафедрасында окутуучу болуп баштаган. Ошондон тартып жарым кылымдан ашык өмүрүн жогорку окуу жайларда жаш муундарга билим берүүгө, илимге арнады.

1964-1967-жылдары Москвада СССР Илимдер академиясынын экономика институтунда аспирантурада окуп, Кыргызстандын айыл экономикасы маселелери боюнча кандидаттык диссертациясын, 1983-жылы СССР Илимдер академиясынын философия институтунда Кыргызстан айылдарынын социалдык өнүгүүсү боюнча докторлук диссертациясын коргогон.

1969-1987-жылдары Фрунзе политехникалык институтунда илимий коммунизм кафедрасынын башчысы, 1987-жылдан тарта профессор даражасында социология жана инженердик психология лабораториясынын башчысы кызматында иштеген. 1994-1999-жылдары Бишкек гуманитардык университетинин социология жана саясат таануу кафедрасынын башчысы, башкаруу жана социология факультетинин деканы кызматтарын аркалаган.

1984-жылы философия илимдеринин, 2006-жылы социология илимдеринин профессору даражасына ээ болгон. Россия Федерациясынын Социалдык академиясынын жана Гуманитардык илимдер академиясынын академиги болгон. 1989-жылы Кыргызстандагы социология коомун уюштуруп, анын туруктуу жетекчиси болуп келди. Эл аралык социологдор ассоциациясынын шериктештигинин вице-президенти, Бүткүл дүйнөлүк социологдор ассоциациясынын, Евразия, КМШ социологдор ассоциациясынын жана Түркиянын социология коомунун мүчөсү болгон.  

1999-2002-жылдары Борбор Азиядагы Америка университетине, 2002-окуу жылдан баштап Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде эмгектенген. 2005-жылдан баштап аталган окуу жайларда социология, түрк цивилизациясы боюнча дарс окуп, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде социология бөлүмүн түптөгөн.

Кусеин Исаев — 140тан ашык илимий эмгектин, 20дан ашык китептин, анын ичинде 10 монографиянын, 250гө жакын публицистикалык макаланын автору.

Ал билим берүү жана илим тармагындагы үзүрлүү эмгектери үчүн “Эмгектеги каармандыгы үчүн” медалы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, Кыргыз Республикасынын эл мугалими ардактуу наамдарына арзыган.

Кыргызстандын билим, илим казынасын байытууга зор салым кошкон көрүнүктүү окумуштуу жана коомдук ишмер Кусеин Исаевдин жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.

Бүгүн, 1-апрелде, саат 10.00до Кыргыз драма театрында профессор, окумуштуу Исаев Кусеин Исаевич акыркы сапарга узатылат. Сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө сөөгү коюлат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты