Москвадагы “Сахарово” миграциялык борборунда 160 кыргызстандык кармалып турат  

  • 1 месяц мурун

Кыргыз Республикасынын акыйкатчысынын орун басары Айчүрөк Назаралиева Москва облусундагы “Сахарово” миграциялык борборуна дагы барды. Андагы убактылуу кармоочу жайда 160 кыргызстандык кармалып турат, алардын — 11и аялдар.

Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Россиянын миграциялык мыйзамдарын бузгандардан сырткары 11 кыргыз жараны оор эмес кылмышка шектелип кармалган. 3 аял пара берүүгө шектелип, 76 күндөн бери борбордо олтурат.

Кыргызстандыктар медициналык жардамга муктаждыгын билдиришти, бирок кармоо шарттарына жана тамак-ашка даттанышкан жок.

2024-жылдын 9 айында “Сахарово” борбору аркылуу 3928, 2025-жылдын 9 айында  2808 кыргыз жараны өлкөгө жөнөтүлгөн.

«Сахарово» — Москвадагы көп функциялуу миграциялык борбор, анда Россияда мыйзамдуу жашоого жана иштөөгө документтерди толтурат,

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты