Москвадагы мончодогу кыргызстандыктарга байланыштуу окуя: Элчи Бөкөнтаев депутат Кобылкин менен жолугушту
- 1 месяц мурун
17-апрелде Орусиядагы элчи Кубанычбек Бөкөнтаев менен Парламенттер аралык комиссиянын Жогорку Кеңеш жана Россия Федерациясынын федералдык жыйыны менен кызматташуу боюнча төрагасынын орун басары, Мамлекеттик Думанын депутаты Дмитрий Кобылкиндин жолугушуусу болду.
Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда Орусиянын миграциялык мыйзамдары, ал өлкөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын актуалдуу маселелерине көңүл бурулду.
Элчи Кубанычбек Бөкөнтаев 11-апрелде Москва шаарындагы мончо комплексинде кыргызстандыктарга байланыштуу болуп өткөн окуяга кабатырлануусун билдирди.
Ошол эле кезде элчи орусиялык депутаттар К. Затулин, А.Аршинова, С. Журованын Орусияда иштеген кыргызстандык мигранттарга акыйкат мамиле жасоо тууралуу билдирүүлөрүнө ыраазылыгын айтты.
Өз кезегинде Дмитрий Кобылкин Москвадагы мончо комплексиндеги окуя тууралуу элчинин айткандарын кубаттоо менен, окуяны дыкат иликтеп, келечекте андай терс көрүнүштөргө жол бербөө боюнча пикирин билдирди.
Жолугушууда ошондой эле кыргыз-орус парламенттер аралык мамиленин өсүш динамикасы белгиленип, эки өлкөнүн парламенттеринин алдыда боло турган иш-чарасын талкуулап, Кыргыз Республикасы менен Россия Фдереациясынын ортосундагы мамилени жана стратегилык шериктештик алакасын колдоо пикирлерин билдиришти.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Москвадагы мончо комплекстеринин биринде Кыргыз Республикасынын жарандары тартылган видеотасма жарыяланганына байланыштуу билдирүү таратты. Кыргызстандыктарды документтери бар-жоктугун жана мыйзамдуулугун текшерүү үчүн Орусиянын ички иштер министрлигинин Москва шаарынын Тимирязев району боюнча башкармалыгына алып барышкан.
«Орус тарапка укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлгөн операциянын, ошондой эле жарандарга карата күч колдонуунун негиздери боюнча маалымат берүү жана эгерде күч колдонуу негизсиз болсо, бул окуя боюнча Москванын укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө карата тиешелүү чараларды көрүү өтүнүчү менен расмий нота берилди. Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын коргоо боюнча натыйжалуу чараларды көрүү жана келечекте кыргыз-орус союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерине доо кетире турган ушул сыяктуу жагдайларга жол бербөө өтүнүчү айтылды» деп айтылат КР ТИМ маалыматында.
КР эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, Москвада кармалган 24 жарандын 20сы бошотулуп, 4 жаранга Россия Федерациясынан чыгаруу тууралуу токтом чыгарылган.
2-апрелде депутат Жанар Акаев Орусияда мончолордун биринде кыргызстандыктарга күч колдонулганы жөнүндө сүрөт, видеолорду фейсбукка жарыялаган.
Сүрөт: ТИМ басма сөз кызматы