Москвада жапырт мушташка катышкандар административдик жаза алышты  

  • 1 год мурун

Москва шаарында Орто Азиялык жарандар катышкан мушташуу тууралуу ЖМК жана социалдык түйүндөр аркылуу тараган билдирүүлөр  боюнча Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги маалымат берди.  

-Маалыматта айтылгандай, 2023-жылдын 19-февралынан 20-февралына караган түнү Москва шаарындагы Люблинская көчөсүнүн №147 үйүндө жайгашкан “Чудная долина” аттуу тойкананын алдында 15 адам катышкан мушташуу катталган.

Күбөлөрдүн айтуусу боюнча, бул жарандар чогуу олтурушуп, чатакташып кетишкен. Милиция тарабынан тарабынан коомдук тартипти бузгандыгы үчүн тажик, өзбек жана кыргыз улутундагы жарандар кармалып, аларга карата административдик чаралар көрүлгөн. Бул мыйзам бузуу фактысы менен Кыргыз Республикасынын эки жараны административдик жазага тартылышкандыгын аймактык полиция бөлүмүнөн билдиришкен.

Сүрөт: «Известия».

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты