Москвада жапырт мушташка катышкан өзбек жана тажик мигранттары депортацияланат

  • 2 года мурун

Москвада жапырт мушташка катышкан деген шек менен 41 тажикстандык жана 85 өзбекстандык эмгек мигранты кармалды. Алардын 20сы Орусиядан депортацияланат деп күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы эмгек миграциясы боюнча агенттиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 1-апрелде Москвадагы компаниялардын биринин эки кызматкеринин ортосунда чыр чыккан. Кийин ага башка жумушчулар да кошулуп, жапырт мушташка айланган.

«Агенттиктин Москвадагы кеңсеси Өзбекстандын элчилиги менен биргеликте бул маселени тиешелүү органдар аркылуу чечүү боюнча кадамдарды жасап жатат», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Буга чейин социалдык түйүндөрдө Москвадагы «Сердце Столицы» курулуш аянтында мигранттардын жапырт мушташы болуп, полиция 125 кишини кармап кеткени тууралуу маалымат тараган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты