Москвада ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйыны болот
- 7 месяцев мурун
Бүгүн, 17-ноябрда, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жумуш сапары менен Россияга, Москва шаарына барат. Анда 17-18-ноябрда Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйыны болот.
Бул тууралуу МинКаб басма сөз кызматы билдирди.
Министрлер кабинетинин төрагасы Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин 24-жыйынына катышат.
Жыйында соода-экономикалык кызматташуу, каржылык өз ара аракеттенүү жана Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында ШКУну мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланат.
Жыйындын соңунда бир катар документтерге кол коюлат.
Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) 10 өлкө: Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Россия, Тажикстан, Түркия жана Өзбекстан мүчө. 2024-жылы Беларусь кошулду.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




