Москвада нөшөрлөгөн жаан жаады
- 12 месяцев мурун
21-июлга караган түнү бир нече саатта Москвада бир айлык нормадагы жаан жаады. Бул тууралуу Москва шаар чарбалык комплексинин басма сөз кызматы билдирди.
Синоптиктердин маалыматы боюнча, жаан 21-июлда дагы жаайт.
Нөшөрлөгөн жаандан Москвада жана Москва облусунда жолдорго жана жер алдындагы өтмөктөргө суу толду.
Москва алдындагы Наро-Фоминскиде көпүрө бузулуп, үч элдүү пункт эч жакка каттай албай калды.
Нөшөрлөгөн жамгырдан улам москвалыктарды мүмкүн болушунча сыртка чыкпоо же метродо жүрүүнү эскертишүүдө.
Сүрөт: Социалдык тармактан
Муну бөлүшүү




