Григорьевка капчыгайында суу алып кеткен көпүрөнү калыбына келтирүү иши жүрүүдө
- 1 неделя мурун
- Видео
2-июлга караган түнү саат 3-4 чамасында Ысык-Көл районунун Григорьевка капчыгайында нөшөрлүү жаандан улам Чоң-Ак-Суу дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлгөн. Катуу аккан суудан улам суунун нугундагы көпүрө иштен чыккан.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Ысык-Көл облустук бөлүмү билдирди.
Аталган көпүрө аркылуу өтүүчү унаа жана жөө жүргүнчүлөрдүн каттамы токтотулду.
Учурда кайра калыбына келтирүү үчүн «Келечек» мамлекеттик ишканасынын жана «Чайна Роуд» компаниясынын атайы техникалары тартылып, көпүрөнү калыбына келтирүү иши жүрүүдө. Жабыркагандар жок.
Сүрөт: Видео тасмадан
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!




