Москвада кыргыз жаранынын өлүмүнө шектүүгө кылмыш иши козголду

  • 1 год мурун

Москвада кыргыз жаранынын өлүмүнө шектүү кармалганын 22-ноябрда КР тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

Киши колдуу болгон сөөк табылганына байланыштуу окуя тууралуу кыска маалымат берген мекеме ал адам Кыргызстандын 50 жаштагы жараны экенин, Москвада такси айдоочусу болуп иштеп жүргөнү аныкталганын маалымдады.

Факты боюнча Москванын Кунцево райондор аралык тергөө бөлүмүндө Орусиянын кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси («Адам өлтүрүү») менен иш козголуп, тергөө жүргүзүлө баштады.

Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны бүгүнкү күндө Орусияда эмгек мигранты болуп жүрөт.

ТИМдин расмий маалыматына караганда, былтыр Кыргызстанга четтен 540 «Жүк-200» келсе, быйыл алгачкы беш айда 292 мигранттын сөөгү мекенине жеткирилди.

Расмий сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты