Москвада кыргыз жараны адам өлтүрүүгө шектелип кармалган
- 1 год мурун
Москвада Орусиянын жаранын өлтүрүүгө шектелип Кыргызстандын жараны кармалган. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымат таратты.
Министрлик берген маалыматка ылайык, аталган кылмыштын бардык жагдайларын жана ага Кыргызстандын жаранынын тиешеси бар экендигин аныктоо үчүн Кыргызстандын Орусиядагы Элчилигинин кызматкери тарабынан Орусиянын компетенттүү мамлекеттик органына тиешелүү чыгуу жүргүзүлгөн.
«Аталган маселе Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин жана Орусиядагы Элчилигинин көзөмөлүндө турат»,- деп айтылат маалыматта.
Сүрөт: интернет булактары
Муну бөлүшүү




